Оштун Кең-Сай конушуна электр кубатын курууда жумуштун көлөмүн жогорулатып, мамлекеттик бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Э» ачык акционердик коомунун ортосунда жалпы 200 миллион сомго жакын каражатка Кең-Сай конушуна электр энергиясын тартуу боюнча келишим түзүлгөн. Өз кезегинде, «Э» ААКсы аталган келишимдин негизинде, «С.Т» ЖЧКсы менен кайра келишим түзүп, келишимдин негизинде «С.Т» ЖЧКсы жабдууларды жеткирүү жана жалпы курулуш иштерин жүргүзүү милдетин алган.
ЖЧК 82 миллион 600 миң сомго 2 трансформатор жеткирип берген. Бирок бул трансформаторлордун иш жүзүндөгү баасы болжол менен 10 миллион сомду түзөт. Мындан улам жеткирилген эки трансформатордун наркы дээрлик 8 эсе жогорулатылып, келтирилген зыяндын суммасы алдын-ала 73 миллион 400 миң сомду түздү.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул сыяктуу факты боюнча «С.Т» ЖЧКсынын жетекчиси кармалып, СИЗОго киргизилген», — деп жазылат билдирүүдө.
Азыркы учурда бул факты боюнча башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. Ошол эле учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.