Кредитти адамдар үмүттөнүп, пландаштырып жана кайсы бир максатты көздөп алат. Бирок төлөгөнгө келгенде туруктуу жумушу жок же башка чыгымдарынан арттыра албай кыйналып, биринин калпагын бирине кийгизип, микрокредиттик компаниянын (МКК) кызматкерлерин да кошо кыйнаган учурлар көп кездешет. Бул куру кыялга батуунун натыйжасы же тобокелге салуунун кесепети болушу мүмкүн.

«K-News» маалымат агенттигине таянсак, Кыргызстанда коммерциялык банктар тарабынан 2015-жылы 78 млрд сомдон ашуун кредит берилген. Анын 10,84%ын керектөөчү насыялары түзгөн.

Муктаж болуп турган буюмга накталай акчаң жетишсиз болсо, кредит системасы аркылуу эгедер болуу абдан ыңгайлуу жолдордун бири. Муну дүйнөлүк практика эчак эле тастыктаган. Мисалы, Түркияда ар бир жаран телефондон тарта автоунаа сатып алууну да насыя менен ишке ашырат. Кыргызстанда да бул система өнүгүп келе жатканы менен багытты туура эмес тандап алып, оозубуз сүткө күйгөн учурлар көп кездешүүдө.

Иллюстрация

Насыяны кээ бири белгилүү бир максатты көздөп алса, кээ бирөө утурумдук бир кызыкчылык же бир муктаждык үчүн алышы мүмкүн. Экинчи жагдайда кыйналып калгандар көбүрөөк.

Балдарын жалгыз тарбиялап келаткан Динара айым өткөн жылы уулун үйлөндүрүп, тойканага чоң үлпөт тоюн өткөргөн. Кудаларынын астынан өтүү үчүн 100 миң сом калың алып барган. Чогулткан каражатынын көбү тойго кеткендиктен, калыңга берген акчаны насыяга алганга туура келген. Эми аны төлөп кутулуу үчүн өзү гана иштебестен, уул-келинин да чет өлкөгө жиберүүгө мажбур болгон.

Каныбек жубайы экөөлөп насыя алып бизнес ачышкан. Бирок иши оңунан чыкпай, банкрот менен аяктаган. Мал алабыз деген көрсөтмөнү берип, биринчи насыяны мөөнөтүнөн эрте жаап салуу үчүн башка бир компаниядан дагы насыя алышкан.

«Кыргыздын той-топурга кеткен чыгымы көп болгондуктан, күнүмдүк керектөөлөр болуп отуруп акчага болгон муктаждыгыбыз күн санап өсө берди. Автоунаамды саттым. Анда да алган насыяларыбыз азаймак түгүл, тескерисинче көбөйө берди. Акыры кантип сазга батып кеткенибизди байкабай калдык. Абдан кыйын учурларга дуушар болдук. Төлөбөй убактысын кечиктирсең, компаниянын кызматкерлери үйгө чейин издеп келишет» — дейт ал.

Мындай окуялар четтен саналат. Ал тургай насыянын сазынан чыга албай ажырашкан үй бүлөлөр, өз жанын кыйган жарандар, өзүнө бензин чачып өрттөнгөндөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана соцтармактардан көрүп, билип келебиз.

НасыяТуруктуу жумушу же бизнеси барлар үчүн насыя алуу жана аны төлөө бир аз жеңилирээк. Руфаттын туруктуу иши бар болгондуктан жана ал маянасын  банктык карта менен алгандыктан, кыйынчылыксыз төлөп кутулганын айтат. Анын насыясы банк аркылуу сүйлөшүлгөн келишим боюнча маянадан эле ай сайын кармалып которулуп турган. Жыйынтыгында, үзгүлтүксүз төлөнүп отуруп, кантип бүтүп калганы билинбей калган.

Туура максатта пайдаланылган насыя жемишин берери бышык. Өзгөчө бизнес тармагындагы утуштар буга күбө. Буюм-тайымды кредитке алууда да, маяна жетерлик болсо же бир кошумча киреше болсо, ал жакшы жыйынтыгын бербей койбойт.

«Насыяны алган адамдын кайтарып төлөбөй коюусу банктын же компаниянын эле эмес, мамлекеттин бюджетин да зыянга учуратат. Ошондуктан жарандар карызга акча алгандан кийин, кайра аны төлөп берүүсү милдеттүү» — деген оюн билдирди серепчи Азамат Акелеев.

Насыя алууда эң алгач кайсы максатты көздөп алганы жатасыз жана кайра анын үстөгүн төлөөгө кудуретиңиз жетеби? Маяналуу ишиңизден сырткары кепилдигиңиз барбы? Мисалы, бизнесиңиз ошону актайбы же алган буюмуңуз акчаны кайтарууга жардам береби деген сыяктуу суроолорго жооп издөө керектигин адистер айтышат.

Жооп ала алгандан соң компаниянын же банктын шарттары менен таанышып чыгуу зарыл. Андан кийин атайын кызматкерден ар бир сурооңузга жооп алуу керек. Бардык шарттар канааттандыргандан кийин гана насыя алганга өтүүгө болот. Анткени ошол эле насыяга алынган акча сизди же көкөлөтүп, же чөгөлөтүп коюга жөндөмдүү.