Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 473 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек – 126
— Ош шаары – 22
— Чүй облусу – 118
— Ош облусу – 44
— Талас облусу – 18
— Нарын облусу – 7
— Ысык-Көл облусу – 36
— Жалал-Абад облусу – 68
— Баткен облусу – 34.
Учурда стационарда 2426 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 35 адам (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1687 (69,5%) — орто оордукта;
— 598 (24,6%) — оор абалда;
— 106 (4,3%) — өтө оор абалда.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 3256 бейтап бар.
Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 75 миң 690 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 67 873 адам айыгып чыкты. 1301 адам каза тапты.