Сирияда даярдыктан өткөн кыргыз жараны кармалды

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган С.Т. аттуу жаран Сирияда согуштук даярдыктан өтүп, террористтик уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Учурда УКМК ал кылмыштардын башка эпизоддорун жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатат.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.