Ысык-Көлдө 16 жаштагы кыз өзүнүн никеге турганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кечээ айрым жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоочу Камиль Рузиевдин Twitter баракчасындагы билдирүүнү жарыялашкан. Анда Рузиев Жети-Өгүз районунда 31 жаштагы тургун 16 жашар кыз менен диний салт аркылуу никеге тургандыгын билдирген.
«Мурда аталган факты боюнча жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү, же болбосо тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Жети-Өгүз РИИБне арыз келип түшкөн эмес. Бирок укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 178 (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган», — деп билдиришет милициядан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Камиль Рузиевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн, жаш өспүрүм менен никеге турду делген адамдын өздүгү аныкталган. Ал Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну Х.Ш. болуп чыккан. Х.Ш. өзүнүн көрсөтмөсүндө укук коргоочунун маалыматы чындыкка дал келбестигин айткан. Анын айтымында, ал кыз менен ушул жылдын ноябрында айылдашы К.С нын үйүн жасалгалоо учурунда таанышкан. Кийинчерээк кыз экөө кээде телефондон сүйлөшүп жүрүшкөн, бирок никеге турушкан эмес.
Өспүрүм кыз өзү дагы милиция кызматкерлерине никеге турбаганын ырастады. Ал 2016-жылы атасы каза болуп калгандан бери атасынын агасы К.С.нын үйүндө жашап жаткан. К.С. анын мыйзамдуу камкрочусу болуп саналат.
45 жаштагы К.С. укук коргоочу Камиль Рузиевдин социалдык баракчадагы билдирүүсүн четке кагуу менен иниси каза болгондон кийин, анын кызы Д.Жны өз кызындай камкордук көрүп багып жатканын, эч нерседен кем кылбаганын билдирди. Ал дагы Х.Ш. менен Д.Жнын ортосунда нике кыйылганын төгүндөдү.
Учурда аталган фактыны объективдүү жана толук кандуу териштирүү үчүн сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.