Мурунку Фрунзе заводунун аймагында металл эритүүчү казан жарылып, 3 адам жабыркады. Бул туурасында өздүк булактарына таянып, Kaktus.media жазды.
Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктады.
Мекеме жабыркагандардын экөө бети-колдору күйүп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Ал эми үчүнчү адам ар кандай жаракаттар менен оор абалда ошол эле борбордун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.