COVID-19 илдетинен сутка ичинде 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки адам тең Бишкек шаарынын ооруканаларында дарыланып жаткан.
Бүгүн, 7-январга карата оору 170 адамдан табылды. Сутка ичинде 206 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жалпысынан 2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 81 826 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 77 376 адам айыгып чыкты. 1363 адам каза тапты.