2020-жылдын аягында Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы болжол менен 19 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев маалымат жыйында билдирди. Ал бюджеттин кирешеси 133 миллиард 500 миллион сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 15 миллиард сомго аз болгонун билдирди. Ошол эле учурда, салыктык кирешелер дээрлик 92 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер 31 миллиард сомду түзгөн.
«Жылдын жыйынтыгы боюнча чыгымдар 152 миллиард 622 миллион сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу алар 3 миллиарддан ашык сомго көбөйгөн. Социалдык төлөмдөр жана чыгымдардын корголгон статьялары боюнча бюджеттик мекемелерден тушкөн бардык арыздар каржыланган», — деп билдирди Кыялбек Мукашев.
Министр өткөн жылы донорлор менен мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. Бирок ошол эле учурда, Кыргызстан бардык төлөмдөрдү толугу менен жүргүзгөн. 2020-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө болжол менен 31 миллиард сом сарпталган.