«Шаурма ситидеги» жарылуу: эки жабырлануучу өтө оор абалда

Автор -

4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы «Шаурма сити» тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анда 11 адам жабыркаганы айтылган. Бүгүнкү күндө бейтаптардын төртөө Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат. Анын экөө оор абалда экенин аталган бейтапкананын маалымат кызматынан билдиришти.

«Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Таласка болгон иш сапарынан кийин Бишкекке 3 бейтап которулган. Анын ичинен 32 жана 39 жаштагы айымдардын абалы дагы деле өтө оор деп бааланууда. Ал эми эки бейтаптын абалы канааттандырарлык», — дешти мекемеден.

Ал эми Кара-Буура аймактык ооруканасынын жетекчиси бир бейтап амбулатордук дарыланууда экенин билдирди.

«Кырсыктан жалпысынан 11 адам жаракат алып, бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башында эки бейтап, андан кийин дагы эки бейтап Бишкекке дарыланууга которулган. Учурда аймактык ооруканада 4 бейтап дарыланууда, абалы канааттандырарлык», деди оорукананын жетекчиси.