Америкалык Facebook корпорациясы өзүнө тиешелүү болгон WhatsApp мессенжеринде 1 млрддан ашкан колдоонуучулардын өздүк маалыматтарын шифрдөөгө өттү.
Бул тууралуу сервистин негиздөөчүлөрү Ян Кум менен Брайан Эктон компаниянын блогуна жазып чыгышканын «РБК» сайты маалымдайт.
«Колдонуучулардын өздүк маалыматтарынын коопсуздугу биздин компаниянын маанилүү максаттарынын бири эле. Анын техникалык иштерин ишке ашырганыбызды силерге кубануу менен билдиргибиз келет. Мындан ары WhatsAppтагы маалыматтар толугу менен жабык түрдө болот» — деп билдиришет алар.
Шифрдөө – бул жазышуу, сүрөт, видео файлдар жана башка маалыматтарды жазышып жаткан эки адам гана биле тургандай кылып жабуу болуп саналат. Бир нече адамдардан турган WhatsAppтын ичиндеги топторго да тиешелүү.
Жеке адамга тиешелүү маалыматтарды киберкылмышкерлер, хакерлер же мамлекеттик органдар билип алышы мүмкүн болгондуктан, мындан ары ал мүмкүнчүлүктөр үчүнчү тараптар үчүн жабык болуп калат.