Кувейт−Бишкек−Кувейт жаңы авиакаттамы ачылат

Автор -

2021-жылдын 5-февралынан баштап Кувейт − Бишкек − Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учууларды Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы ишке ашырат.

Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу ишке ашырылат — дүйшөмбү жана жума күндөрү.

Учуу узактыгы — 3 саат 35 мүнөт.