Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка келди 

Автор -
@kaktus.media

Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка келди.

Белгилей кетсек, ал саат 15:00гө чакырылган.

Өмүрбекова Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы боюнча ачылган иштин алкагында чакырылганын божомолдоду.

«Кайсы маселе боюнча чакырышканын так айтышкан жок. Мен февраль жана мартта өлкөнү пандемияга даярдоо боюнча иштегем. Ал учурда колубуздан келгенин жасаганбыз. Биздин алдыбызда вирустун өлкөгө жайылып кетишин алдын алуу маселеси турган», — деди ал.

Мурунку вице-премьер-министр суракка кайсы макамда чакырылганын билбей турганын айтты.

«Күбө катары чакырышты го деген үмүттөмүн», — деди Өмүрбекова.

Бүгүн башка вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына сурак берип чыкты.

Эскерте кетсек, кызматтын жетекчиси Сыймык Жапыкеев буга чейин коронавирустун өлкөдө жайылып кетишине жооптуу болгон бардык аткаруучу бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги карала турганын билдирген.

Ал бул иш боюнча мурунку эки өкмөт башчы  — Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Боронов, мурунку вице-премьерлер жана мурунку саламаттык сактоо министри менен каржы министри чакырыларын убадалаган.