УКМК тарабынан кармалып, эки айга камакка алынган Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, тергөө учурунда кармалган адамдар «Жолчырак» ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденген.
2021-жылдын 30-январында тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы тергөө аяктаганга чейин үй камагына деп өзгөртүлгөн.
«Мындан тышкары Улукбек Өмүрзаков өзүнүн каалоосу менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан кетүү жөнүндө арызын жазды», -деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков жана дагы үч жаран көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкен.