Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын үстүнөн дагы бир иш боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул иште Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасынын дагы катышы бар экени аныкталып, териштирүү башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө сот бийлигинин айрым өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө жакпаган судьяларды тартип жоопкерчилигине тарттыруу максатында, алардын беделин түшүрө турган видео тасмаларды интернетке жайылтышканы аныкталган.
Тактап айтканда, 2020-жылдын февралында Интернет айдыңына Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы, прокурор жана соттолуучу катышкан соттук процесстин тасмасы тараган. Анда судья менен соттолуучунун уруша кеткен учуру жазылган. Бул көрүнүш соцтармак колдонуучуларында бийликтин сот бутагындагыларга карата терс маанайды жараткан.
Бул окуядан кийин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеотасмадагы судьяны жоопкерчиликке тартуу боюнча Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизген.
«Кызматтык териштирүү учурунда бул жагымсыз окуяга Свердлов райондук сотунун мурунку төрагасы И.Ж.Б.нын катышы бар экени аныкталган. Ал өз иш бөлмөсүндөгү кызматтык компьютеринин мониторунан чөнтөк телефонуна соттук процесстин дал ошол жерин тартып алган. Андан тышкары И.Ж.Б. видеого тартуу учурунда соттолуучунун сөзү угулбаш үчүн атайылап үнүн басаңдатып, элге судья соттук жараяндын катышуучуларына орой мамиле кылып жаткандай таасир калтырууга аракет кылган», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга шектелүүдө.
Аталган факт Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки териштирүүгө алынган.
Буга чейин УКМК «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин билдирген болчу.