Кыргызстанда 9-февралга карата COVID-19 илдети 58 адамдан жаңы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек — 23
— Ош — 1
— Чүй облусу – 23
— Ош облусу — 2
— Талас облусу — 1
— Нарын облусу — 5
— Ысык-Көл облусу – 3.
Ушуну менен коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын саны 85 171 адамга жетти. Алардын ичинен 81 825 адам айыгып чыкты. 1433 каза тапты.