Кыргызстанда 10-февралга карата COVID-19 илдетинин жаңы 82 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек — 32
— Чүй облусу – 32
— Ош облусу — 1
— Нарын облусу — 2
— Ысык-Көл облусу – 12
— Жалал-Абад облусу – 1
— Баткен облусу — 2
Ушуну менен Кыргызстанда бул ооруну 85 миң 253 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 81 923 адам айыгып чыкты. 1436 адам бул оорудан оңоло албай каза тапты.