Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору бекитилип, парламенттин үч окуусунда кабыл алынды. Ага ылайык, элдик апрель революциясы дем алыш күндөрдүн тизмесине киргизилди.

Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүчүлөр белгилеп кеткендей, апрель окуясы Кыргызстандын эли үчүн зор тарыхый мааниге ээ.

«2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын кайра жаралуусу болуп калды. Элдик апрель ынкылабынын натыйжасы   өлкөбүздүн эркиндигине, өнүгүшүнө  жана демократиялуу мамлекет болуп эркин шайлоо өткөрүү укугуна жана жемкорлук менен күрөшүүгө жол ачты»,-деп билдирди ЖК депутаттары.