1-июндан тартып “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” берүүлөрү ЭлТР каналынан чыга баштады. Бул боюнча Жогорку Кеңеште дагы сөз болуп, депутаттар КТРК жылына 170 млн сомдук кирешеден эмнеге баш тартканын сурашкан.
Корпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыктын” которулушун мындайча түшүндүрдү:
”»Азаттык” жылда КТРК менен болгон келишимдерин узартуу же токтотуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечим кабыл алчы. Ал эми 2016-жылдан баштап “Азаттык” өз көрсөтүүлөрүн кайсы ТВ жана радио каналдарына жайгаштыруусун тендер/конкурс аркылуу чечерин билдирип, тендер жарыялашты. Биринчи тендер жүрүп, ал тендерде жеңүүчү катары НТС ТВ каналын жана Санжыра радиосун тандап алышканын билдиришти. Бирок белгисиз себептерден НТС келишим түзүүдөн баш тарткандан кийин кайра жаңы конкурс жарыяланды. КТРК эки конкурска тең катышып, “Азаттыктын” көрсөтүүлөрүн биздин эфирге жайгаштырууну кааларыбызды билдирдик. Экинчи конкурстун жыйынтыгы боюнча “Азаттык” жеңүүчү катары ТВ көрсөтүүлөрүнө ЭлТР каналын тандаганын, ал эми радио боюнча КТРКда калаарын билдиришти. Ошентип, КТРКнын Биринчи радиосунда “Азаттыктын” радиосу калып, ал эми ТВ программалар ЭлТРде көрсөтүлмөй болду”, — деп Карыпбеков өз баракчасына жазды.