Россельхознадзор бардык продукциянын фитосанитардык сертификаттары жок болчу деген жүйөө келтирди.
30-майда Омск облусунда бир жүк ташуучу унаа кармалган. Текшере келгенде 2000 кг кулпунайдын тийиштүү сертификаты жок болуп чыкты. Продукция Кыргызстанда өндүрүлгөнү аныкталган. Жүк Казакстан аркылуу киргендиктен, кайра ал жакка кайтаруу чечими кабыл алынган.
Эртеси, 31-майда, Оренбург облусунда 17 жүк ташуучу унаа кармалды. Алар 289 тонна түрдүү жемиш, мөмөлөрдү жана 4200 даана көчөт ташып бараткан. Бул продукция Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Ирандан чогултулуп келип, Орусиянын бир катар облустарында сатыкка чыгарылмак. Мында дагы жүктүн баары кайра Казакстанга кайтарылды.