Германиянын “Шальке” клубунда ойногон Роман Нойштедтер Украина жарандыгынан баш тартып, орус паспортун алганы спортчунун айланасында чыр жаратты. Украин спорт министри Игорь Жданов ачуусу келип, футболчуну “ватник” деп да атап жиберди. Нойштедтер болсо жооп берип жатып, балалыгы Кыргызстанда өткөнүн айтып берди.

Буга чейин Роман Нойштедтер немис жарандыгын алып жүргөн. Быйыл ага Орусиядан чалышып, улуттук курама командада ойноону сунушташкан. Футболчу макул болуп, паспортун алмаштырды. Нойштедтердин бул кадамын украин коомчулугу курч кабыл алды десе болот. Өзгөчө футбол күйөрмандары аны саткын деп да аташканын өзү журналисттерге айтып берди.

“Мага Facebook’тан бейтааныш эле адамдар “Сен кантип Орусия үчүн ойноп бересиң, сен деген украинсиң да” деп жазып жатышты. Бирөөсү болсо “Сен саткынсың, сен немиссиң” дейт. Мен эмне деп жооп беришим керек деп ойлонуп отурам. Менин атам Днепропетровскто туулган (Украина. Быйыл Днепр деп которулду – saat.kg), апам – орус. Мен дагы Украинада төрөлүп, үч айдан кийин Кыргызстанга көчүп баргам. Балалыгым ошол жерден өттү. Ошондо мен эми кыргыз болуп каламбы? Түшүнсөңөр, мага болгону бир сунуш түштү, ал Орусиядан. Мен буга макул болдум”, — дейт Нойштедтер.

Булак: kp.ua