Аны курууга Сауд Арабиясы 25 жылга $30 млн бөлүп берет.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, учурдагы оорукана 1970-жылдары курулган. Ал убакта Бишкектин калкы 400 миң кишини түзүп турган.
“Учурда шаардын калкы бир топ көбөйдү. Ооруканада орун жетишпейт. Андан тышкары, имарат жана жабдуулар эскирип бүттү”, — деп министр ЖК комитетинде айтып берди.
Министр белгилегендей, жылына 1%дык чен менен берилген насыяга учурдагы 3-балдар ооруканасынын аймагында жаңы имарат курулат.





























