Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандагы элдердин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө тууралуу маалымат берилди.
Этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаевдин айтымында, мамилелерди жакшыртуу боюнча жооптуулардын системи түзүлгөн.
Учурда тил саясаты дагы ишке ашканын белгиледи.
Алмазбек Атамбаев көп улуттуу өлкөнүн жарандарынын ынтымагын бекемдөө мамлекет үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.