Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы акыркы убактардагы өткөн тышкы саясый иш-чаралардын, анын ичинде жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалыматты укту.
Президент тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу жетишилген келишимдерди өз маалында аткарууну тапшырды.
Мындан тышкары алдыдагы ири иш-чараларга сапаттуу даярдык көрүү жана өлкөнүн тышкы саясий ишмердигинин негизги багыттары боюнча ишти жандандаруу жагынан мекемеге бир катар тапшырмаларды берди.