ИИМ тарабынан териштирүү, сурамжылоо жүргүзүлүп, Турганбаевдин өкүл баласы Бишкектеги Ленин РИИБ башчысы Айбек Жайлообаев башка районго которула турган болду.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, ага аталган райондун ИИБнин кызматкерлеринен кат келип түшкөн.

“Эми өкүл баланы мыйзамдын негизинде каттооодон өткөрбөйт да. Биз атайын териштирүү жүргүзүп ушундай жыйынтыкка келдик”, — дейт ал.

Буга чейин Ленин РИИБинин 70ке жакын кызматкери жетекчиси Айбек Жайлообаевди кызматтан алуу талабын койгон.

Алар билдиргендей, экс-министрдин өкүл баласы даражасынан пайдаланып, кол астындагыларга орой, корс мамиле жасап жүрчү.