Болгария өкмөтү bivol.bg сайтында маалыматтарды ачык жарыялап келет. Сайтка ылайык, бул өлкөдө Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага жаздырган эки фирмасы бар.
Алар:
- “ЕВРАЗИЯ КГ ЕООД” фирмасы (каттоо номуру 202617760), 2013-жылдын 11-июнунда катталган;
- «Байсан Инвест ЕООД» (каттоо номуру 203396311), 2015-жылдын 4-февралында катталган.
Мындан тышкары, Болгарияда Акматбек Келдибековдун Европа ичинде жүк ташыган логистикалык фирмасы аныкталды, анын балансында 500дөй унаа бар.
Ошондой эле, Кара деңиздин жээгинде Варна курорттук шаарында Келдибековдордун чоң үйү бар экени маалым.
Буга чейин Болгарияда экс-ички иштер министри Мелис Турганбаевдин бизнеси бар экени аныкталган деп K-News жазды.