Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, оюнчуктар алгач психологиялык-педагогикалык экспертизадан өтүшү керек болот.
Казакстандын улуттук экономика министрлиги көтөрүп чыккан демилгени Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрү дагы колдоп берди. Оюнчуктарды текшерип туруу үчүн техрегламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Документке ылайык, балдардын агрессиясын жараткан, мыкаачылыкка алып келген оюнчуктарга тыюу салынат. Ошондой эле, зомбулукка үндөгөн оюндардын ”каармандарына” жана сексуалдык маселелерге кызыктырган оюнчуктарга да тыюу киргизилиши мүмкүн.
Евразиялык экономикалык комиссия түшүндүргөндөй, экспертизадан оюнчукту өндүрүүчүлөр өтүшү керек болот. Ал эми соода түйүндөрү болгону сертификаты текшерет.
Булак: tengrinews.kz