Аны Казакстан толугу менен өзү каржылоодо. Мектеп 500 орунга эсептелген.

Окуу жайы быйыл ишке кире турганы боюнча Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Тараз шаарынын (Казакстан) жетекчилиги менен жолугушууда айтты. Ал Таразга расмий иш сапары менен барып келди. Кадырбаев Тараз мэри Нуржан Календеров менен жолугушуп, эки тарап кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.

Тараз шаарынын мэри облустук борбордун социалдык-экономикалык өнүгүшү жана Кыргызстан менен ар кайсы багыттагы шериктештиги тууралуу маалымат берди.

«2015-жылы Жамбыл облусунун Кыргызстан менен болгон соода жүгүртүүсү 6,6 миллион долларды түздү.Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле биздин облуска 2,4 миллион долларлык товар импорттолуп, 2,7 миллиондук товар экспорттолду. Казак-кыргыз бир тууган деп байыртан айтылып келет. Маданият, тил, каада-салт жактарынан эки улуттун окшоштуктары абдан эле көп. Кыргызстандын түштүк борбору менен Тараз шаары өз алдынча кызматташууга даяр», -деди Календеров.

Ал эми Кадырбаев Кыргызстан менен Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 905 миллион долларды түзсө, анын ичинде Ош шаарыныкы 13,3 миллионду түзөрүн баса белгиледи.

«Биз президент Нурсултан Назарбаевге казак тараптын каржылоосу менен мектеп-интернат куруу боюнча чечимине ыраазычылык билдиребиз. Заманбап шарттары менен курулган 500 орундуу мектеп сентябрь айында ачылат. Үч миң жылдык Ош шаары миң жылдык Тараз шаары менен тыгыз кызматташып, эки тараптын мамилесинин өнүгүшүнө мындан ары бардык аракеттер жумшалат «, — деп билдирди Айтмамат Кадырбаев.

Ош мэриясы билдиргендей, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кадырбаев Тараз шаарынын жетекчисин 5-октябрда өтө турган Ош шаарынын күнүнө чакырды.