Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери журналист Александр Забалуевди сабаганын кабарлады.
Ал эми ШИИБ басма сөз кызматы k-newsга билдиргендей журналист түнкү клубдан мас, бети-башы кан болуп чыккан. Бул боюнча иш каттоого алынды. Акыйкат иликтөө үчүн Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилет.
“Эгер укук корго органын кызматкерлери күнөлүү болсо, алар жооп берет”, — деп кошумчалашты.