Сынакка 8 фирмадан турган консорциум катышкан. Алардын бирине партиянын мүчөсү ээлик кылат. Канат Исаевдин айтымында, “Кыргызстан” партиясы анын кызыкчылыгын коргогон жок.

“Лобби жөнүндө сөз кылган болбойт. Анткени эртели-кечтир укук коргоо органдары бул бузууларды аныктап чыкмак”, — деди партия жетекчиси.

Буга чейин өкмөттө Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун оңдоп жаткан уюмду жана тендердин жүргүзүлүшүн текшерип чыккан мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгы жарыяланган. Транспорт министрлигинин жетекчилиги өз милдеттерин так аткарган жок деп айтылып, комиссия өкмөткө чиновниктердин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштаган.

Ал арада министрликтин башчысы Аргынбек Малабаев анын орун басары Улан Уезбаев менен премьердин жакын адамдары LongHai кытай компаниясынын кызыкчылыгын түрткөн деп айыптап чыккан.

Исаевдин демилгеси менен түзүлгөн депутаттык комиссия тендерде мыйзам бузуулар болгонун аныктап, Жогорку Кеңешке Темир Сариевди кетирүүнү сунуштаган чечим чыгарды.