“Сапарзан” курулуш компаниясынын директору кызматкерине 1,5 млн теңге карыз болгон. Ал эмгек акысын төлөп берем деп Алматынын четиндеги дачага чакырып, сабап, муунтуп, көмүп салган.

Tengrinews жазгандай, окуя бир жыл мурун болгон. Директор шериктеши менен бирге кызматкерин алгач мас кылып, катуу сабаган. Андан кийин колу-бутун жип менен байлап, оозун скотч менен бекитип салган. Оозуна эки рюмка коньяк куюп, муунтуп өлтүрүп салышкан. Жасаган кылмышынын изин жашыруу үчүн жакынкы айылдардын биринде көмүп коюшкан. Кийинчерээк компаниянын директору менен дагы бир киши кармалган.

Алматынын район аралык сотунун өкүмү менен кылмышкерлер 17 жылга эркининен ажыратылып, бардык мүлкүн мамлекетке өткөрүп бериши керек.