Оңдоло турган 49 көчөгө Кытай өкмөтү кайтарымсыз грант бөлүп берет.

Бишкектин жолдору Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы макулдашууга ылайык оңдолот. Экономика министрлиги билдиргендей, 49 көчөдө 100дөй чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Оңдоо иштерин Бишкек мэриясы аткарат, ал эми долбоордун жүрүшүн экономика министрлиги көзөмөлгө алат.

Эки тарап, мындан тышкары, гранттын эсебинен Баткен, Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Таласта сугаруу системаларын оңдой турган болушту.