Жааган жамгырдын кесепетинен республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-июлда жаандын жаашы күтүлбөйт.

ӨКМ адамдын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине телефонограмма жиберилген.