Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков президенттердин сүйлөшүүсү боюнча журналисттерге кыска маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда учурда эч кандай чыңалган мамиле жок.
Исаков билдиргендей, эки тарап бардык көйгөйлөрдү ачык сүйлөштү. Мындан ары эки өлкөнүн кызматташтыгы өкмөт башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде жүрөт.
“Биз экономикалык мамилебизди жандандырабыз деп макулдаштык. Мамиле эми тыгызыраак болот. Жакынкы арада эки тарап тиешелүү кеңешмелерди өткөрөт. Бул жагдай бизди кубандырат”, — деди Сапар Исаков.
Анын айтымында, эки президент бири-бирин угуп, кызыкчылыктарын сыйлоо маанилүү экенин белгилешти.
“Бул – абдан маанилүү учур, — дейт Исаков. – Биз мамилебиз кайра жанданып баштады деп айта алабыз”.
“Жолугушууга бөлүнгөн 20 мүнөттүн ордуна президенттер бир саат сүйлөштү, бардык маселелерди талкуулашты. Андан кийин өлкө башчылары өз алдынча дагы сүйлөшүштү. Бул жагдай биздин достук жана кызматташтык мамилебиз болор иш экенинен кабар берет”, — деп сөзүн жыйынтыктады Сапар Исаков.