Чемпионаттын 1/8 финалдагы акыркы оюндары жакшы эде дүрбөлөң жаратты. Биринин артынан бири дөө-шаалар тизе бүгүп, мелдештен кетүүгө аргасыз болгон матчтардан саресеп.

Англия оюнчусу

Учурдагы Европанын 2 жолку чемпиону Испания 1/8 финалдан ары өтө албай койду.

“Фурия хора” кашык каны калганча беттешкени менен Италия 2:0 менен жеңип кетти. Ал эле эмес, испандыктар тарыхтагы үч жолку чемпион болуудан кол жууду. Италия Евро-2012’деги 0:4 үчүн реванш алды окшойт.

сүрөт:uefa
Сүрөт: UEFA

Испан футболисттери бардык аракетин кылды. Жада калса машыктыруучусу эки оюнчусун алмаштырып, туура эмес кылгандай кайра оюн талаасына чыгарса да, жардам бербей койду. Ал эми Италиянын алмашуусу эки жолу тең иштеди. Маттео Дармиан жана Лоренцо Инсинье Грациано Пелленин соккусуна көмөктөшүштү.

Италия курамасынын дарбазачысы Жанлуиджи Буффон акыркы мүнөттөрдө Жерар Пикенин соккусунан команданы сактап, ызалуу Испанияны үйүнө кетирди.

сүрөт:uefa
Сүрөт: UEFA

Ошону менен катар, Франциянын Ницце шаарында күйөрмандар дагы бир ысык оюнду күтүп жатышты.

Исландиянын машыктыруучусу Хеймир Хадльгримссон Англия менен оюндун алдында «Мен Рой Ходжсонго көз артпай элем, балким алар бизден утулуп калышат”, — деди эле.

Айткандай эле, Англия кайрадан 1/8 финалдан ары өтпөй, чемпионатты таштап кетүүгө аргасыз.

Ызы-чуу жараткан оюн Исландиянын пайдасына 2:1 менен аяктады.

сүрөт:uefa
Сүрөт: UEFA

Англиянын оюнчусу Уэйн Руни ишке ашырган пенальтиден соң «Краснодардын» оюнчусу Рагнар Сигурдсондун аракети менен 6-мүнөттө биринчи топту, анан кийин 12-мүнөттө Кольбейн Сигторссон экинчисин киргизип, Англияны түз эле үйүнө жөнөттү.

Исландия үчүн баары биринчи жолу болду. Бул эң кичинекей мамлекет алгачкы жолу чемпионаттка катышып, Англиянын жеңди, анан ¼ финалга сыймыктануу менен өтүп кетти.

Ал эми англиялыктардын чемпионаттагы эң кымбат машыктыруучусу Рой Хожсон кызматынан кетип, күйөрмандарды бушайманга салды. Айтор, бул мамлекет биротоло эле Европадан четтемей болду окшойт.

Исландия өз тарыхын өзү жазып, кезектеги жеңишин майрамдоодо. Эми алар Франция менен болгон беттешке даярданып жатат.

сүрөт: uefa.com
Сүрөт: UEFA

1/8 финалдагы оюндардын жыйынтыгы:

Командалар: Жыйынтыгы:
25-июнь
Швейцария-Польша 1:1 (пенальтиден 4:5)
Уэльс-Түндүк Ирландия 1:0
Хорватия-Португалия 0:1
26-июнь
Франция-Ирландия 2:1
Германия-Словакия 3:0
Венгрия-Бельгия 0:4
27-июнь
Италия-Испания 2:0
Англия-Исландия 1:2

Алдыдагы 1/4 финалдык оюндар

Командалар: Убакыты
30-июндан 1-июлга караган түнү
Польша-Португалия 1:00
1-июлдан 2-июлга караган түнү
Уэльс-Бельгия 1:00
2-июлдан 3-июлга караган түнү
Германия-Италия 1:00
3-июлдан 4-июлга караган түнү
Франция-Ирландия 1:00