Федералдык коопсуздук кызматы Кыргызстандан Екатеринбургга (Орусия) бараткан жүктү токтоткон. Текшере келгенде синтепон жууркандарынын ичинде героин бар экени аныкталды. Унаанын айдоочусу мыйзамсыз товар ташып баратканын билбептир.
Орус маалымат каражаттары жазгандай, баңги заттын салмагы 17,5 кг түздү. Ал героин болуп чыкты. Мыйзамсыз бизнести түзүп алган 33 жашар кыргыз жараны кармалып, кылмыш иши козголду.