Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы теракт жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алып, Түркия президенти Режеп Эрдоганга көңүл айтты.

«Ататүрк атындагы аба майданында көп адамдын курмандыктарына алып келген террордук акт тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт», — деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезинен сакайып кетишин тиледи.

Кече кечинде Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда болгон жардырууда 36 адам өлүп, 147 адам жабыркаган.

Бөлүшүү