Көргөзмөгө 94 өлкөнүн өкүлдөрү, 8 000 катышуучу келет.

Кыргызстандан 5 компания Германиянын Франкфурт шаарында өтө турчу азык-түлүк көргөзмөсүнө катыша турганын экономика министрлиги билдирди. «Hi Europe & Ni» көргөзмөсү 29-ноябрдан 1-декабрга чейин өтөт.

Эң ири иш-чара 20 жылдан бери өтүп келет. Катышкандардын 76 пайызын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору жана 39 пайызын ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү түзөт.

Аталган көргөзмөгө катышууга Бишкек, Нарын жана Оштон беш компания тандалып алынган.

Иш-чара алкагында 20-24-июнда катышуучулары үчүн, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүнө атайы үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлгөн.