Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды ыйгарып жатып, ак ниеттүү болууга чакырды.

“Билимдүү жана акылдуу болуудан тышкары ак ниеттүү жана уяттуу болуш керек. Эгер Айдар Акаев же Максим Бакиевдей акылдуу, тың гана болсоңор, өлкөнү тоной аласыңар. Бирок, жыйынтыгында өзүңөр да бактысыз болосуңар, балдарыңарга да каргыш тиет. Ар дайым ак ниет болгула. Билим гана бактылуу кылбайт”, — деди Алмазбек Атамбаев.