Борбор каалабыздагы «Аккула» ат майданында мина табылды

Автор -
337

Кече, 3-майда саат 19:50дө  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» нөөмөт бөлүмүнө «Ак-Кула» ат майданында шектүү зат табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине дароо адистер барып, шектүү буюм танкка каршы коюлуучу мина экенин аныкташты. Мина жараксыз абалда, дат баскан жана жардыруучу элементтери жок болгон.

Учурда адистер аны алып чыгып, жок кылуу үчүн полигонго алып кетишти. Ал эми андан башка жарылуучу заттар табылган эмес.

Бөлүшүү