Бишкекте атышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эки айга камалды

Автор -
286

Борбор калаада түн ичинде атышууга тиешеси бар деп кармалган эки жаранды Ленин райондук соту №1 убактылуу тергөө жайына эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу ИИМдеги маалымат булактарына таянып, Sputnik.kg билдирди.

Эске салсак, 9-декабрь күнү болжол менен саат 19:35те Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде кара түстүү унаанын ичиндеги белгисиз бирөөлөр «Тойота-Авенсис» унаасына карай ок чыгарышкан. Андан кийин «Тойота-Авенсис» унаасы жол кыймылынын эрежесин бузуп, ок аткандардын унаасынын изине түшүп, бир нече жолу жол эрежелерин бузушуп, жыйынтыгында жол кырсыгына учурашкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуяга шектүү катары Токтогул районунун 2 тургуну кармалган. Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Кийинчерээк атышуу учурунда ок тийип үч киши ооруканага кайрылганы белгилүү болгон.