Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу 23 кызматкер жазаланды

Автор -
233

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча териштирүүнү аяктады.

Иликтөөдө Жайыл райондук милиция кызматкерлери тартиптик уставды, «Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө» буйруктун талаптарын, «Ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын кодексин» одоно бузганы айтылат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кандуу окуяга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын эки орун басары, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Райондук милиция башчысынын орун басары «өз ишине кайдыгер мамиле кылган, кол алдындагы ыкчам тергөө тобунун өздүк курамына жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес» деп табылып, ички иштер органдарынын кызматынан биротоло кетирилди. Экинчи орун басар эскертүү алды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Тергөөчү Э.Кадышев, Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, аталган бөлүмдүн нөөмөттөгү улук тескөөчүсү да иштен бошотулду.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланды. Анын бешөө милициядан биротоло кетмей болушту, сегизи иштен айдалып, жети кызматкерге эскертүү берилди. Иликтөөнүн жыйынтыгына укуктук баа бериш үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура окуя боюнча 316-беренесинин («Шалаакылык») беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Бөлүшүү