Кубанычбек Кулматовго айыбы угузулду

Автор -
217

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго айыбы угузулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган.

Бөлүшүү