Ош: 5 айда 32 адам өз өмүрүнө кол салды

Автор -

Ош шаарында жыл башынан бери 32 адам өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жан кыюуга 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар аракет жасаган, басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Алардын көпчүлүгү аман-эсен куткарылган.

«Соңку үч күндүн ичинде суицидге барган үч адамдын экөө каза болгон. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Күч кызматтары бул багытта дин өкүлдөрүн жана жергиликтүү бийликти алдын алуу иштерин жүргүзүүгө чакырды.

 

Бөлүшүү