Президент: Менин негизги милдетим — мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу 

Автор -
271

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өзүнүн президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде тышкы саясат туурасында айтып берди.

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деп элибизде бекеринен айтылбайт. Президенттик кызматка киришээр замат коңшу мамлекеттер менен мамилелерди
бекемдөөгө көп көңүл бурдум. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россия жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат», -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коңшулар менен мамилени бекемдөө максатында Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жасаган сапарлары, Түркияга жана Европа союзунун институттарына жасаган чет элдик сапарлары, жакын арада болжолдонуп жаткан Кытайга сапары туурасында айтып берди.

Мындан тышкары Президент 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыктын максатына жана милдеттерине токтолду.

«Президент катары менин негизги милдетим – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысынын айтымында Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары – калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу.

«Биздин экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарыбыз тышкы рыноктордо абдан бааланат. Биз продукцияларыбызды тышкы рыноктордун талабына ылайык
кайра иштетишибиз зарыл. Фермерлерибиздин бир дагы айыл чарба продукциясы иштетилбей калбашы керек», -деп белгиледи Президент.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, РСК банк, Айыл банк, Кепилдик фонду сыяктуу финансылык институттардын бардык ресурстары аймактарды өнүктүрүүгө жана
элет жеринде ишкерликти колдоого багытталаарын кошумчалады.

 

Бөлүшүү