Чүй проспекти менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде атышуу болду. Милиция кабарлагандай, көчөдө турган адамды өтүп бараткан унаанын ичинен атышкан.
“Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерде турушат. Аймакты изилдеп, гильзаларды издеп жатышат. Октон жарадар болгон эркек киши Улуттук хирургия борборуна жеткирилди”, — деп борбордук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Жабыркаган адам Асылбек Дүйшеев экени анык болду. Ал – Сакал каймана атып бар кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакын адамы катары белгилүү.