1994-жылдын 13-апрелинде илимдер академиясынын окумуштуулары нааразычылык митингине чыгышкан. 22 жыл мурун дагы бул күн шаршембиге туш келген.

Бул өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өткөн нааразычылык акциясы болуп саналат. Анда илимдер академиясында маяна берилбей жана айлык акыга акча табылбай, окумуштуулардын орундары кыскартыла баштаган.

Эгемен республиканын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка жаңы ачылган илим адамдары «айлык акысын берүү» жана «иш орундарын сактап калуу» талабы менен митинг уюштурушкан.