Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сузактагы жер көчкүнүн астында калып, каза болгон Эрлан Урматбек уулунун үй-бүлөсүнө 50 миң сом материалдык жардам берди.

Ошондой эле өкмөт башчы ӨКМнын башчысы Кубатбек Бороновго жергиликтүү бийлик менен биргеликте жашоочуларды көчүрүү ишин тездетүү тапшырмасын берди.