Себебин депутат саясаттын чыныгы жүзүн билип, саясатчылардан көңүлү калгандыгы менен түшүндүрдү.
Facebook’тагы баракчасында Лунара Мамытова кызматтан кетүү чечимин өз каалоосу менен кабыл алганын жазды.
“Мен үчүн адам бойдон калуу – башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм!”, — деп белгиледи ал.
Лунара Мамытова Жогорку Кеңешке “Бир Бол” партиясынын катарында келген. Ага чейин ал КТРКда жаңылыктардын алып баруучусу катары элге таанылган.