Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швециянын соңку мезгилдеги НАТО менен жакындашуусун сынга алды.

Дипломаттын айтымында, эгер Швеция НАТОго кошулса, Орусия тийиштүү чара көрөт. Аны коргоо министрлиги жана өлкө башчысы чечет деп ал швециялык «Дагенс Нухтер» гезитине берген маегинде айтты.

Лавров НАТОнун Түндүк Европада аймагын кеңейишине жол бербей тургандыгын белгиледи. «Эгер Швеция НАТОго кирүү чечимин кабыл алса, анда бизге кол салбайт деп ким кепилдик берет», — деди ал.

«Швеция бул кырдаалда НАТОнун көзөмөлүнө кирет жана анын көзөмөлүндө болот. Анда Орусиянын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралышы мүмкүн. Бул учурда Орусия менен аскердик-саясий блоктун ортосунда коркунуч жаралып, биз түндүк чек арабызга дагы аскер күчтөрүн жайгаштырууга мажбур болобуз», — деп эскертти министр.

Сергей Лавровдун айтымында, Орусия НАТО менен аскердик конфиликт же тирешүүнү каалабайт. Бирок НАТО Орусия чек арасына карап жылып келе жаткан экени чындык деп белгиледи.

«Биз НАТОнун чыгышка карай жылуусуна эскертүү бергенбиз. Ар бир өлкөнүн өзүнүн коргонуш үчүн ишенимдүү күчтөр менен чечим кабыл алышы өз иши. Бирок чоң бир аскердик блок Орусия чек арасына жакындашса, биз да тийиштүү жоопту беребиз», — деп билдирген.

Европадагы НАТОго кирген өлкөлөр
Европадагы НАТОго кирген өлкөлөр

Ошондой эле, Орусиянын тышкы иштер министри Лавров Балтика өлкөлөрүнүн да НАТОго киргенден кийинки саясатын сындады.

«Советтер Союзу кулагандан кийин Балтика өлкөлөрү да Орусиядан баш тартышты.  Аларга эч ким коркунуч туудурган жок. Алардын НАТОго киришине бир себеп жок болчу. Биз аларга коркунуч кылбадык. Бирок алар мурдагы СССР курамында болгон тарыхын чанып, аны жамандашты. Болбосо, Балтика өлкөлөрүнө башка совет өлкөлөрүнөн караганда экономикасына жакшы көңүл бурулган, ал жакка күчтүү инвестиция салынган эле», — деп айтты ал.

Булак: gazetevatan.com