Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат деген макал Ош базарындагы сооданы чагылдыргандай. Арабанын үстүндө мыйзамсыз соода кылып, бирине жакса бирине жакпаган ишкерлер тууралуу сөз кылабыз.

«Мен бул жерде арабанын үстүндө соода кылып 4 жылдан бери иштейм. Башка жумуш жок, окуган эмесмин. Ушул жактан иштеп тапкан акчама балдарымды багам. Кечке милициялардан качып жүрүп соода кылабыз, ар күнү ар кандай соода болот. Саат 5ке чейин кубалашат, бештен кийин тийишпейт, каалаган жерде тура беребиз. Минтип акча таппасак, анан биз кантип жашайбыз?», — дейт соодагер Назгүл.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Анын айтымында, кээде милиция кызматкерлери аларды кармап кетишет, паспортун алып коюшат.

«Базардагы баш аламан сооданы жөнгө салып жатабыз. Бул соодагерлерге далай жолу эскертүү берген элек, кайра эле келип алышат. Алар такыр угушпай» — деди атын айткысы келбеген тартип сакчысы.

2

Ал эми базардын ичинде контейнерде олтуруп соода кылгандар арабада соода кылгандарга нааразы.

«Биз бул жакта олтурган жерибизге аренда төлөп иштейбиз. Элдердин көпчүлүгү базардын ичине келбей эле сырттан соода кылып кете беришет», — деди өзүн Айнур деп тааныштырган айым.

3